Марал Радиосу

Садыр Жапаров уулун акыркы сапарга узатууга катышат

Саясатчы Садыр Жапаровго улуу баласы Дастан Мусталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилди. Бул тууралуу активист Мелис Аспеков фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Дастан Мусталиевди акыркы сапарга узатуу Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында өтөт.

Ал 3-4 күн мурун жол кырсыгына учурап, алган жаракаттан улам Бишкек шаардык 4-ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бүгүн көз жумду.

Кошумчалай кетсек, 27 жаштагы Дастан Мусталиев Садыр Жапаровдун улуу баласы.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.