Марал Радиосу

Эгемендүүлүк күнүндө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

????????????????????????????????????

Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо жана ага даярдык көрүүнүн алкагында Чүй облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу аталган облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери 30-августтан 2-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук тартипти кароого 800 кызматкер чыгат.

Чүй облусунун аймагында, Бишкек шаарына кире бериш жерлерде 8 күзөт бекети коюлуп, милиция кызматкерлери күнү-түнү кароолдо болушат.