Биз менен байланышыңыз

Токтакунова: Текебаев үй камагына чыгышы керек

Кыска кабар | 26 Авг 2019 | 861 | 0

29-августта саат 14:00дө «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу жактоочусу Таалайгүл Токтакунова “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча «баш коргоо чарасын өзгөртүп бергиле» деп жазган арыздан кийин, беш күндүн ичинде ишти кароо күнү коюлуш керек.

«Биз өлкөдөн чыкпоо шарты менен үй камагына чыгарууну суранып жатабыз. Арызыбыз канааттандырылыш керек деген үмүттөбүз. Мыйзам  боюнча чыгарганга өзүнүн жүйөлөрү бар. Себеби, жаза мөөнөтүнүн жарымынан көбүнү отуруп коюшту. Ошондой эле качып кетпей, ар дайым соттко келип турат жана биринчи күндөн баштап актыгын айтып келет. Азыркы учурда камака алып отурганга негиз жок. Сөзсүз турдө чыгат деген ойдобуз«-деди Таалайгүл Токтакунова.

Эске салсак, 21-августта Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылып,
соттун чечимине ылайык, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра карала турган болгон.

Copyright © 2017 Maral FM