Марал Радиосу

Конго өлкөсүндө Эбола вирусунан көз жумгандардын саны 2 миңге жетти

Жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп көз жумгандардын саны эки миңге жетти. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабарлаганын эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ооруканаларда эбола оорусу менен катталгандардын саны миңден ашты.

Эбола эпидемиясы Батыш Африкада 2015-жылы чыккан. Анда аталган оорунун вирусу Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерияны каптаган.

Эбола оорусу Конго өлкөсүндө 2018-жылдын июнь айында башталган.