Марал Радиосу

Украинанын беш президенти биринчи жолу чогуу сүрөткө түшүштү

Украинанын беш президенти биринчи жолу чогуу сүрөткө түшүштү. Сүрөттү журналист Соня Кошкина Украинанын көз карандысыздык күнүндө Маринск Сарайында конокторду тосуп алуу учурунда тарткандыгын LB.ua сайты жазды.

Президенттердин сүрөтүндө: Украинаны 1991-1994-жылдар аралыгында жетектеген Леонид Кравчук,  1994-2005-жылдарда президент болгон Леонид Кучма, 2005-2010-жылдардагы мамлекет башчысы Виктор Ющенко, 2014-2019-жылдардагы президенти Петр Порошенко жана учурдагы президенти Владимир Зеленский бар.

«Сегодня.ua» порталы жазгандай Украинанын көз карандысыздык күнү тарыхты бириктирди жана өлкө башчылар өлкөнүн келечеги үчүн бокалдарын көтөрүштү.