Марал Радиосу

Өзбекстанда окуу акысы жогорулайт

Үстүбүздө жылдын 1-сентябрынан тарта Өзбекстанда университеттердин окуу акысы 10%га жогорулайт. Мындай өзгөрүүгө эмгек акынын минималдык өлчөмү көтөрүлгөнү себеп болгон. Бул тууралуу өзбекстандык ЖМКлар жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 1-августта Өзбекстанда эмгек акынын минималдык өлчөмү жогорулаган.