Марал Радиосу

Forbes эң жогорку акы төлөнүүчү актрисаны атады

Forbes журналынын рейтингине ылайык, америкалык актриса Скарлетт Йоханссон экинчи ирет дүйнө жүзү боюнча эң жогорку акы төлөнүүчү актриса аталды. Анын ушул жылкы кирешеси 56 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 15,5 млн долларга көп.

Ал эми экичи орунда колумбиялык жана америкалык актриса София Вергара турат. Жылдыз «Америкалык үй-бүлө» сериалынан 44,1 миллион доллар киреше тапкан.

Үчүнчү орунда 35 млн доллар кирешеси менен Риз Уизерспун ээлеген. Анын артында Николь Кидман (34 млн доллар) жана Женнифер Энистон (28 млн доллар) турат.