Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 23 Авг 2019 | 491 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 22-августта Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жалпыга маалымдоо каражаттарында кызуу талкууга алынган Өзбекстандан келген спортчунун ушул жылдын 18-августунда Ош областында өткөн кулатуу боюнча эл аралык мелдешке катышкандан кийинки видео кайрылуусуна көңүл бурушту.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары бул маселени калыс изилдөө максатында көзөмөлдө кармоону макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM