Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери жолугушту

Кыска кабар | 23 Авг 2019 | 429 | 0

Нур-Султан шаарында 22-августта Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда андан ары тереңдетүүнү карманарын баса белгилешти.

Мындан сырткары министрлер эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ушул жылга пландаштырылган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки жана көп тараптуу тышкы саясий иш-чараларды, сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин карап чыгышты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган сапарына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Copyright © 2017 Maral FM