Марал Радиосу

Карамушкина Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу шектелип жатканын айтып чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларга күбө катары макамынын, Жазык кодексинин 244- беренеси боюнча шектүү деп өзгөргөнүн өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун аны күбө катары макамын, Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча массалык башаламандыкты уюштурууга шектүү катары өзгөрткөнүн айткан.