Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков тууралуу «Кыргыз элимдин атасы болсун» деген китеп чыкты

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 1120 | 1

«Фейсбук» соцалдык баракчасында президент Сооронбай Жээнбековго арналып чыгарылган «Кыргыз элимдин атасы болсун» деген китеп кызуу талкуу жаратууда.

Китепти «Фейсбук» колдонуучусу Азиз Пиримкулов, «Жакында «Раритет» китеп дүкөнүнө китеп алганы барып ушундай кызыктуу китептин экземплярын таап алдым» деп жарыялаган.

Китептин автору Дилдара Буларкиева. Китеп 2018-жылы Бишкек шаарындагы басмаканалардын биринде басылып чыгарылган.

Кошумчалай кетсек, Дилдара Буларкиева аталган китептен башка дагы бир канча китептердин автору болуп саналат. Алар: «Чыңгыз Айтматов жана президент», «Эмгегим сага арналат-Кыргызстан», «Бакен Кыдыкеева-кыргыз искусствосунун ханышасы», «Кыргыз элинин түбөлүктүү гүлзарлары», «Өчпөс элестер», «Кыргызымдын мыкты кыздары», «Кыргызымдын талантуу кыздары», «Кайырчы кыз» жана башка.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM