Марал Радиосу

Ош-Тазалык ишканасына жаңы техникалар тапшырылды (сүрөт)

Бүгүн, 21-августта Ош шаарынын борбордук аянтында жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган жаңы атайын адистештирилген техникаларды тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тапшыруу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары жана Ош-Тазалык ишканасынын кызматкерлери катышты.

Жаңы техникаларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 млн сом бөлүнгөн жана Оштун жергиликтүү бюджетинен биринчи жолу техника алынууда.

Ош-Тазалык ишканасына 13, муниципалдык менчик башкармалыгына 1, шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгына 1 жаңы техника тапшырылды. 30 млн сомдон үнөмдөлгөн каражатка таштанды таштоочу контейнерлер жасалууда.