Биз менен байланышыңыз

«Чалдыбар — Автожол» бекетинен 5 тонна коонду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 429 | 0

Бүгүн, 20-августта «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 5 тонна коонду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлери Казакстандан келаткан “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алган учурда, ичинен тиешелүү документтери жок 5 тонна коон чыккан. Унаанын айдоочусу товардын коштоочу документин көрсөтө алган эмес.

Тиешелүү документтер толтурулуп, унаанын айдоочусу 1989-жылы туулган К.М.у. аттуу Кыргызстандын жараны жүгү менен кошо Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM