Биз менен байланышыңыз

Сот Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу маселесин карайт

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 658 | 0

Бүгүн, 20-августта Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук комитетиндеги көчмө жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу маселесин карайт.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. 16-августа Бишкек шаардык соту УКМКдагы көчмө жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Атамбаевге учурда жалпы 14 иш боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM