Марал Радиосу

Бүгүн Бабанов УКМКга сурак бергени барат

Бүгүн, 20-август саат 15. 00дө экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук комитетине сурак бергени барат. Бул тууралуу ал кечээ Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка «Кыргызстан» коммерциялык банкы тууралуу сурак берип чыккандан кийин билдирди.

Ал ошондой эле эч нерседен коркпостугун жана суракка бара турганын кошумчалады.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкекке учуп келген. 8-августта Улуттук коопсуздук комитети эгерде ал Кыргызстанга кайтып келсе, эки кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.