Марал Радиосу

20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 20-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл өрөөнүндө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 13….18… күндүз: 28… 33°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 8….13….күндүз: 24…..29°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 13…18….күндүз: 29……34°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 16……21°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 3….8…..күндүз: 16….21°C;

20-августта Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 30……32°C, түнкүсүн 16 … 18°C.

Exit mobile version