Марал Радиосу

Бир суткада өлкө аймагында 32 өрт кырсыгы катталды

Бир сутка ичинде республиканын аймагында 32 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте 12 өрт кырсыгы, Ош облустунда 4 өрт кырсыгы, Жалал-Абад облусунун аймагында 9 жана Нарын, Баткен облустарында 2 ден өрт кырсыктары, Талас облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Жайыл районуна караштуу Полтовка айылынын, Горький көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 20 чарчы метр болгон эки бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1961-жылы туулган Д.К.А. аттуу эркек адам каза болгон.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 245 чакырымында «ХОА» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркөөсүндө 20 тонна кездемелер күйгөн.

Учурда өрттөрдүн келип чыгуу себептери такталууда.