Марал Радиосу

Айдаркен: Чек арачылар 317 миң сомдук мыйзамсыз жүктү колго түшүрүштү

Айдаркен чек ара кызматкерлери чек арадан мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жүктөрдү колго түшүрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү  кабарлады.

Т.Н. аттуу 1997-жылы туулган Кыргыстандын жараны көзөмөл өткөрүү бекетинен сырткары жерден 120 куту эт азыктарын алып өтүүгө аракет кылган.

Ошондой эле, 18-августта С.Б.у. аттуу 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны «Hyundai-Porter» үлгүсүндөгү унаа менен 20дан ашык үй-тиричилик буюмдарын (чаң соргуч) жана 3 куту оюнчук алып өтүүгө аракет кылган.

Кармалган жүктүн жалпы суммасы 317 миң сомду түздү.

Тиешелүү документтери жок жүктөр, керектүү документтер түзүлгөндөн кийин, тиешелүү кызматка өткөрүлүп берилди.