Биз менен байланышыңыз

Бүгүн сот Атамбаевди 8-августтагы кармоонун мыйзамдуулугун карайт

Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 422 | 0

Бүгүн, 19-августа саат 14.00дө Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 8-августтагы кармоонун мыйзамдуулугун карайт. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. 16-августа Бишкек шаардык соту УКМКдагы көчмө жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Атамбаевге учурда жалпы 14 иш боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM