Марал Радиосу

Бүгүн Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун ишин карайт

Парламенттин мурдагы депутаты, саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча сот отуруму бүгүн, 19-августта саат 11:30да Чүй облусттук сотунда болот. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов  фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жактоочу Кыргызстанда бир эле мыйзам ар бир соттолуучуга ар башкача иштеп жатканына нааразычылык айтып, коомчулукка, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылды.

Урматтуу менден тынымсыз сурап турган журналисттер! 
Кыргызстанда бир эле мыйзам ар бир соттолуучуга ар башкача иштеп жатканына 100 пайыз күбө болосуздар. Ошол жерден башкаларга иштеген мыйзам жалгыз Садыр Жапаровго иштебей жатканын толук далилдери менен кагаз жүзүндө сотко жана сиздерге берем”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.