Марал Радиосу

Саякбай манасчынын 125 жылдыгы белгиленди

Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган иш чара бүгүн жыйынтыкталат. 16-августта Кыргызстандын аймагынан чогулган белгилүү 20 манасчы эпостон айтышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн аймактагы өкүлүчүлүгү билдирди.

«Саякбай манасчы» коомдук фондусу жана Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн аппараты тарабынан уюштурулган иш-чарага бийлик өкүлдөрүнөн президенттик аппараттын жетекчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жана Өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев катышышты.