Марал Радиосу

ӨКМ суу каптаган короолорду тазалаганга көмөктөштү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чырпыкты, Кош-Көл айылдарындага 10 турак үйдүн короолорун суу каптады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы кабарлады.

Такталган маалымат боюнча, бүгүн таңкы саат 05:00 чамасында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел суулар жүрүп, Чырпыкты айыл аймагынын Чырпыкты айылында 7 турак үйдүн жана Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылында 3 турак үйдүн короолорун каптаган. Жерине ӨКМден 16 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, мотопомпанын жардамы менен сел сууларын сордурушуп, саат 11:30да жумуш толук аяктаган.