Марал Радиосу

Кыргызстандык ажылар бүгүн мекенине кайта башташат

Ажыларыбыздын алгачкы тобу бүгүн Кыргызстанды көздөй жолго аттанат. Муфтияттан кабарлагандай, алар ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кечээ кайтып келишкен. 17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат.

Ажылыкты уюштуруу штабы ажылардын мекенибизге кайтуу каттамдарын тактап бүтүштү. Быйыл ажылык ишин жогорку деңгээлде уюштурууга бардык күч аракеттер жумшалды”, — деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу атайын автобустар уюштурулуп кызмат көрсөттү. Алар 25-августка чейин өз иштерин улантат.