Марал Радиосу

Аида Салянова үй камагына чыгарылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы баш прокурор Аида Салянованы үй камагына чыгарды. 15-августта анын баш коргоо чарасы каралганын «Ата Мекен» партиясынан кабарлашты.

Аида Салянова «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча тергөөнүн алкагында камакка алынган болчу. Сот аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган эле.