Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясына Токмок, Кара-Балта шаарларынын депутаттары да аралашкан

Кыска кабар | 15 Авг 2019 | 1187 | 0

7-8-августь күндөрү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин жанында болуп, милицияга каршы күч колдонгон, Бишкекте коомдук тартипти бузуп, мэриянын мүлкүнө зыян келтирген деген шек менен Кара-Балта, Токмок шаардык кеңештеринин айрым депутаттарын суракка алынып жатат. Бул тууралуу informator.kg ички иштер министрлигиндеги өздүк булактарына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, азырынча аты-жөнү айтылбаган депутаттар Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен жашыруун сүйлөшүүгө барып, аталган шаарлардан жаш балдарды жана аялдарды акчага жалдап Кой-Ташка алып барышкан. Ошондой эле алардын акчага жалданган адамдары Бишкекке Акүйдү басып алууга ниеттенип чогулгандардын арасында болгон. Бул боюнча, бир канча адамдар суракта айтып беришкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө шаардык депутаттар менен бирге эле парламенттин депутаты да шектүү катары суракка чакырылышы ыктымал”, — деп айтышканын редакция жазат.

Copyright © 2017 Maral FM