Марал Радиосу

Жеңиш Разаков Баткенде бала бакчанын пайдубалына капсула салды

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен районунда бала бакчанын имаратынын пайдубалын түптөөгө катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Баткен облусуна жумуш сапары учурунда вице-премьер Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылындагы бала бакчанын имаратынын пайдубалына капсула салуу салтанатына катышты. 34 орунга эсептелген бала бакчанын курулушуна 20 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Бүгүнкү күнү объектте жер казуу иштери жүрүп жатат.