Биз менен байланышыңыз

Чүй облсоту 19-августта Садыр Жапаровдун ишин карайт

Кыска кабар | 14 Авг 2019 | 658 | 0

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча сот отуруму 19-август күнү Чүй облусттук сотунда болот.

Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды. Жактоочу Кыргызстанда бир эле мыйзам ар бир соттолуучуга ар башкача иштеп жатканына нааразычылык айтып, коомчулукка, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылды.

Урматтуу менден тынымсыз сурап турган журналисттер! 
Кыргызстанда бир эле мыйзам ар бир соттолуучуга ар башкача иштеп жатканына 100 пайыз күбө болосуздар. Ошол жерден башкаларга иштеген мыйзам жалгыз Садыр Жапаровго иштебей жатканын толук далилдери менен кагаз жүзүндө сотко жана сиздерге берем”, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM