Марал Радиосу

Өкмөт башчы Жалал-Абадга барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барат

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырып, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыкмакчы.

Мындан тышкары Премьер-министр «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасынын ачылышына катышат.