Биз менен байланышыңыз

Кой-Таштагы окуяда жабыркаган милиция Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти

Кыска кабар | 12 Авг 2019 | 515 | 0

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жабыркап, комада жаткан Чүй ОИИББдин башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти.

Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

«Курманкуловду бүгүн, 12-августта, саат 14:00дөр чамасында алып кетишти. Аны жубайы жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев коштоп кетти«, — деди Жумабеков.

Москвадан келишкен Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордун профессору Александр Потапов менен нейрохирург Ярослав Латышевдин катышкан дарыгерлер тобу Курманкуловдун абалын карап чыгышып, ага интенсивдүү терапияны улантуу зарыл экендигин айтышкан. Натыйжада аны Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборго которуу чечими кабыл алынган.

Самат Курманкулов 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда башына таш тийип, баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Ага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалган.

Copyright © 2017 Maral FM