Марал Радиосу

Бильядр. Кыргызстандын Азиз Мадаминов жарым финалга чыкты

Кыргыз бильярдчылары Азиз Мадаминов Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты.

Чейрек финалда ал беларустук Евгений Салтовский 6:1 эсебинде утуп алды. Эми ал Кайрат Абсатаров — Сеймур Маметов жубунун жеңүүчүсү менен беттешет. Кайрат азырынча 5:3 эсебинде алдыда келатат.

Беттештерди “tournamentservice.net” интернет булагы түз көрсөтүп жатат.

Жарым чейрек финалдык беттештердин калган жуптарында орусиялыктар Иосиф Абрамов менен Павел Кузьмин, казакстандык Арби Муциев менен Семен Зайцев беттештери өтүүдө.