Марал Радиосу

Фарид Ниязовду сотко алып келди

Элдик штабдын мүчөсү Фарид Ниязовду Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Анын колуна кишен салынган.

Фарид Ниязов 7-августта Атамбаевди кармоо операциясы учурунда УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат.