Марал Радиосу

Сот Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын аныктайт

Бүгүн сот Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП)  төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карайт.

Ал кечээ Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.

Белгилей кетсек, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин имаратында сурак беришкен.