Марал Радиосу

Кундуз Жолдубаева ИИМде экинчи жолу сурак берди

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал маалымат каражаттарына өзү билдирди. Ал тергөөдөгү сөздөрдү жайылтпоо милдеттеме алган.

Суракта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо атайын операция боюнча тактоочу суроолор болгон. Дагы жаңы суроолор да берилген.  Тергөөнүн кызыкчылыгында купуялуулукту сактоо боюнча кагаз жаздырып алышты”, — дейт ал.

Атамаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы операция учурунда «Альфа» атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча ачылган иште күбө катары өтүп жатканы белгилүү болгон.