Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келе жатат (фото)

Кыска кабар | 9 Авг 2019 | 464 | 0

Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келе жатат. Бул тууралуу анын тарапташтары маалымат каражаттарына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бабанов азыр учакка отурган. Бишкек убактысы боюнча 14:40та ал Манас аэропортуна конот. Саясатчынын тарапташтары далил катары Өмүрбек Бабановдун учакта олтурган сүрөтүн социалдык тармакка жүктөдү.

Эске сала кетсек, Бабанов кечээ Кыргызстанга келерин билдирген болчу. Ал ортодо Улуттук коопсуздук комитети Бабановго карата козголгон эки кылмыш иши иликтенип жатканын, эгерде ал Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен билдирүү тараткан.

Өмүрбек Бабановго Ош шаарындагы “Амир-Тимур” кичи районунда чагымчылдык маанидеги сүйлөгөн фактысы, бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыкты даярдоо боюнча кылмыш иши козголуп, учурда токтотулган.

Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM