Биз менен байланышыңыз

Атамбаев тарапташтарынын тартып алган куралдарын өткөрүп берди (видео)

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 817 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин тарапташтары тартып алган куралдар Ички иштер министрлигине кайтарылды. Бул тууралуу видео Атамбаевдин инстаграммдагы баракчасына чыкты.

Анда ИИМдин министринин орун басары Курсан Асанов кайтарылып жаткан куралдарды, ок-дарыларды санап жатканын көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, бүгүн, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча күч түзүмдөрүнүн биргелешкен иш аракеттеринин негизинде Атамбаев колго түшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы расмий билдирген.

Ыкчам-иликтөө иш аракеттери жүргүзүлгөн убакта адам өлүмү болгон жок.

 

Copyright © 2017 Maral FM