Марал Радиосу

Өкмөт башчы: Атайын операциянын экинчи аракети пландалган эмес

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кой-Ташта укук коргоо органдары күч колдонуп, операциянын экинчи этабын өткөрүү планы жок экенин айтты. Депутат Мурадыл Мадеминов Кой-Таш айылына 6 миңдей милиция кызматкерлери жөнөтүлгөнү боюнча суроо салды.

Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий билдире элек.

Бүгүн Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары арасында кайрадан тирешүү башталганын, кырдаал курчуй баштаганын жеринде жүргөн журналисттер билдирүүдө.