Марал Радиосу

Кой-Ташка ондон ашык автобус бара жатканы айтылды

Кой-Таш айылы тарапка ондон ашык автобус менен күч түзүмдөрү бара жатканы айтылууда. Ички иштер министрлиги бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Маалыматтарга караганда, алардын басымдуу бөлүгү атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү болушу мүмкүн.

Бүгүн түштөн кийин Атамбаевдин тарапташтары митингге чогулушарын айтышкан. Ушул тапта парламентте депутаттар акыркы кырдаалды талкуулап жатышат.