Марал Радиосу

Президент: Атамбаевга байланыштуу башка кылмыштар да чыгып жатат

Президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, азыркы учурда Атамбаевге байланыштуу 5 кылмыш иши боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Ал дагы башка кылмыштардын изи чыгып жатканын кошумчалады.

Өлкө башчы парламенттин 8-августтагы кезексиз жыйынына катышууда. Ал мурунку президент Алмазбек Атамбаев мыйзамды одоно бузганын дагы бир жолу кайталады. Атайын операция учурунда каза болгон аскердин жакындарына көңүл айтып, жүрөгүү ооруп турганын билдирди.