Марал Радиосу

«Бир бол» фракциясы Кой-Таштагы кырдаалды талкуулады

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты.

Фракция тез арада кезексиз жыйын өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго кайрылуу жолдоду.

Парламенттин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уула Жогорку Кеңеш бүгүн саат 14.00дө чукул жыйынга чогуларын кабарлаган. Жыйын түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

Exit mobile version