Марал Радиосу

Кой-Ташта жабыркагандардын саны 52ге жетти

Кой-Таштагы окуя учурунда жаракат алгандардын саны 52ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Бүгүн эртең менен жабыркагандар 48ге жеткени айтылган.

Оорукагана кайрылгандардын ичинен 20 киши амбулатордук жардам алууда. 20 адам ар башка ооруканаларга жаткырылды. Ошондой эле 11 күч кызматкери медициналык мекемелерде кототурулду. Аскерлердин бири каза болуп калган.