Марал Радиосу

Кой-Ташта каза болгон аскер «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары болгон

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө атайын операция жүргүзүүдө каза болгон жоокер, УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков болгон. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакыт Исаков билдирди.

7-августтагы окуяда каза болгон жоокер 22 жашта болгондугу кабарланган. Анын төшүнө ок тийген. Улуттук коопсуздук комитети каза болгон УКМК офицерине снайпердин огу тийген деп билдирди.

“Тилекке каршы бир аскер окко учту. Атамбевдин үйү тараптан атылган ок атайын аскердин ички органдарына тийген. Ал ок алдын ала болжолдо снайперден атылган. УКМКнын атайын аскерлери желим окторду колдонушкан. Ал эми Атамбаевчилер согуштук куралдан ок атышууда», — деп айтылат билдирүүдө.