Бүгүн күндүзгү саат 11.00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарапташтарынын алдына чыгат. Бул тууралуу анын тарапкери Фарид Ниязов билдирди.
Маалыматтарга караганда, ушул тапта Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө. Ал Кой-Ташта түзүлгөн «Элдик штаб» өткөрө турчу жыйынга катышары күтүлүүдө.
Жеринде жүргөн журналисттердин маалыматында, ушул тапта Кой-Ташта 200дөй адам чогулуп турат.