Марал Радиосу

Чек ара кызматынын айрым бөлүктөрүндө коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Кой-Таштагы окуяга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын бир канча объектисинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Калган чек ара бөлүктөрүндө иш кадимки режимде уланууда. Учурда жарандарды өткөрүү да штаттык режимде жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.