Марал Радиосу

Бүгүн президент Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрөт

Бүгүн, 8-августта президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына келген.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечке маал баштаган.