Марал Радиосу

Атамбаевдин видео кайрылуусу даярдалууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев коомчулукка видео кайрылуу жасайт. Бул тууралуу Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын саясий Кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев Апрель телеканалынын түз эфири учурунда айтты.

Атамбаевдин азыр эле кыргыз жана орус тилиндеги кайрылуусу видео тасмага тартылган. Даярдалып бүткөн соң, жакынкы сааттарда эфирден берилерин Мирбек Айтикеев белгиледи. Анда Атамбаев эмне тууралуу сүйлөгөнүн Айтикеев айткан жок.