Марал Радиосу

Атамбаевди кармоодо жаракат алгандардын саны 36ны чапчыды

Түнкү саат 00:01ге карата Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жаракат алып ооруканага кайрылгандардын саны 36ны чапчыды. Бул кабарды Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Анын 15и күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Алардын айрымдарына согуштук куралдан атылган ок тийген. Арасында баш сөөгүнөн жаракат алгандар, баш мээси чайкалгандар бар.

Анын ичинен УКМКнын атайын бөлүгүнүн офицерине операция жасалган. Жандандыруу боюнча көрүлгөн чаралардын бири да жардам берген эмес. Ал операциядан чыкпай жан берген.