Марал Радиосу

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков азыр Бишкек шаарында. Президент 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына келген.