Президент Жээнбеков Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков кечээ, 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына жолго чыккан.
Мамлекет башчысы азыр Бишкек шаарында. 8-августта, эртең менен Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт.