Марал Радиосу

Атамбаевди кармоодо атайын аскерлердин офицери октон жаракат алды

Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциясы азыркы тапта басаңдаганы айтылууда. Орусиялык басылмалар атайын аскерлер Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетишкенин айтууда. Ал арада мурдагы президенттин үйүнө экинчи чабуул тууралуу сөздөр айтылууда.

Кой-Ташта электр энергиясы калыбына келтирилди. Бирок байланыш, интернет жок.

Операция жүргүзүлүп жатканда атайын аскерлердин бири куралдан атылган октон жаракат алды.

Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады. Ок темир соотту тешип өтүп кеткен. Атамбаевдин тарапташтары аскердик ок менен атып жатканы такталууда.

Окуя болгон жерге ички иштер министрлигинен да кошумча күчтөр тартылган.