Марал Радиосу

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Таштагы абал боюнча билдирүү таратты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциясы учурунда жабыркаган эки жаранга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта резина октон жабыркаган эки жаран Чүй облустук ооруканасына  түшкөнү айтылат. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы орточо туруктуу.

Буга чейин министрлик Кой-Таштагы операцияга байланыштуу Чүй облусунан беш тез жардам бригадасы иштеп жатканын, Бишкек шаарынан кошумча дагы үч тез жардам чакырылганын билдирген болчу.